• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстан Катар менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Саясат 0

Бишкек, 24.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 24-июнда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Катардын Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмад Аль-Сулайтини менен жолугуп, кыргыз-катар мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулады.

КР ТИМден билдиришкендей, Кулубаев эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле Кыргызстан Катар менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду чыңдоо, анын ичинде жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу аркылуу биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн, биргеликте аракеттерди көрүүнү жана дайым байланышта болууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий