• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан Катарда өтүп жаткан 30-эл аралык китеп көргөзмөсүнө катышууда

Коом 0

Бишкек, 13.01.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасы Катар мамлекетинде өтүп жаткан 30-эл аралык китеп көргөзмөсүнө катышууда. Ал үстүбүздөгү жылдын 9-январынан 18-январына чейин Доха шаарында өтүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, аталган китеп көргөзмөсүндө улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чет тилдерге, анын ичинде араб тилине которулган китептери коюлган. Мындан тышкары, көргөзмөдө Кыргызстан тууралуу видеороликтер көрсөтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Катардын Доха шаарында өтүп жаткан эл аралык китеп көргөзмөсү эмир Шейх Тамим Аль-Танинин колдоосу менен жыл сайын уюштурулат. Көргөзмө аймактагы эң байыркы жана ири эл аралык көргөзмөлөрдүн бири болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий