• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстан Казакстан менен Өзбекстанга электр энергиясын берүүдө

Экономика 0

Бишкек, 18.07.22. /Кабар/. Кыргызстан Казакстан менен Өзбекстанга электр энергиясын берүүдө. Бул тууралуу «Электр станциялар» ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти.

«Учурда Кыргызстан алган электр кубатын келишимдин алкагында Өзбекстан менен Казакстанга кайра кайтарып жатат. Ошол эле маалда өлкөнүн ичиндеги керектөөчүлөргө эч кандай чектөөлөр киргизилген жок», - деп айтылат билдирүүдө.

«Электр станциялар» ишканасынан баса белгилешкендей, өткөн күз-кыш мезгилинде Өзбекстан Кыргызстанга 501,4 млн. кВт. саат электр энергиясын, ал эми Казакстан 440 млн. кВт. саат электр кубатын берген. «Бул кыштан өтүүгө оң таасирин берген», - деп кошумчалашты ишканадан.

Компаниядан билдиришкендей, бүгүн, 18-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 699 млн куб метрди түздү.

Пикир

Оставить комментарий