• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын дин аалымдары жолугушту

Коом 0

Бишкек, 15.11.17./Кабар/. Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жана Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов баштаган дин аалымдары Өзбекстан Республикасынын Анжиян шаарында өтүп жаткан "Ислам тынчтыктын жана боорукерликтин дини" аттуу илимий конференцияга катышууда. Бул тууралуу КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстан мамлекеттеринин дин аалымдарынын келечектеги кызматташтыгы жана тилектештик ишинин маселелери талкууланды.

Билдирүүгө ылайык, илимий конференцияга Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын курамындагы кызматкерлер болуп, жалпысы 11 дин аалымы катышууда.

Пикир

Оставить комментарий