• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстанда УККнын мурдагы башчысы мамлекеттик мүлктү уурдоого шектелүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.10.17 /Кабар/. Сентябрда мамлекеттик сырларды ачыкка чыгарууга күнөөлүү деп табылган Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) мурдагы төрагасы Нартай Дутбаев эми «мамлекеттик мүлктү уурдаган» деп шектелүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

УККнын маалыматына караганда, Нартай Дутбаев, анын иниси Рустембек Дутбаев жана Орынбасар Калкабеков аттуу жаран мекеменин республикалык «Казимпекс» борборунун мүлкүн уурдоо боюнча иште шектүү катары өтүп жатышат. Андан тышкары алар кызмат абалын ашкере пайдаланган деп шектелишүүдө. 28-сентябрда Астана соту үчөөнү тең камакка алуу чечимин чыгарды. Бул иш боюнча тергөө аракеттери 10-октябрда аяктаган.

Нартай Дутбаев 11-сентябрда мамлекеттик сырларды ачыкка чыгаруу жана кызмат абалын ашкере пайдалануу айыптары менен жети жылга соттолуп, өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштөө укугунан ажыратылган. Чечимге нааразы болгон Дутбаев апелляциялык арыз жазып, аны Астананын Аскер соту 11-октябрда карай баштаган.

4-октябрда Нартай Дутбаевдин жубайы Халида Бичурина Фейсбук менен YouTube сервисине өлкө президенти Нурсултан Назарбаевге жолдогон видеокайрылуусун жайгаштырган. Анда ал УКК кызматкерлери күйөө баласы менен инисин куткаруу үчүн Дутбаевди кылмыштарды жарым-жартылай мойнуна алууга көндүрүшкөнүн айткан.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий