• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан Казакстандан 12 миң тонна буудай сатып алуу ниетин билдирди

Экономика 0

Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. Кыргызстан Казакстандан 12 миң тонна буудай сатып алат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Нур-Султан шаарына (Казакстан Республикасы) болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен болгон жолугушууда маалым болду.

undefined

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө казак тарап 1000 тонна күздүк буудайды жеткирүүгө жардам берери белгиленди.

Акылбек Жапаров республиканын 12 миң тонна буудайга болгон муктаждыгы бар экенин айтып, казак тараптан көрсөтүлгөн көлөмдү сатып алууга даяр экенин билдирди.

«Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин астына республиканын калкын азык-түлүктүн 9 түрү менен камсыз кылуу милдетин койду, анын катарына буудай кирет. Биз республиканын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жана жакынкы аралыкта керектүү көлөмдөгү буудайды сатып алууга милдеттүүбүз», - деди Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий