• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан Казакстандын энергосистемасынан 616,4 млн кВт/с электр энергиясын алды

Экономика 0

Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. Суу ресурстарын сактоо жана Токтогул суу сактагычында суунун өтө төмөн түшүп кетүүсүнө жол бербөө максатында үстүбүздөгү жылдын март айында Казакстандын ыйгарым укуктуу энергетикалык компаниялары менен электр энергиясын өз ара жеткирүү боюнча келишимге кол коюлган.

Улуттук энергохолдингден билдиргендей, жетишилген макулдашууларга ылайык, жайында Токтогул ГЭСинен суу агызылып, ал кыш мезгилинде электр энергия түрүндө кайтарылууда.

Белгиленгендей, жалпысынан “Электр станциялары” ААК менен Казакстандын ыйгарым укуктуу энергетикалык компанияларынын ортосунда 2021-жылдан 2023-жылдын августуна чейин жалпы көлөмү 300 млн кВт/саат июнь айынын аралыгында алынган электр энергиясын кийин кайтаруу менен 900,0 млн кВт/саат электр энергиясын өз ара жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн.

Ошентип, 2021-жылдын 8-декабрына карата Казакстандын энергосистемасынан электр энергиясын өз ара жеткирүүнүн алкагында 616,4 млн кВт/саат электр энергиясы алынды.

Пикир

Оставить комментарий