• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстан Казакстандын тоок этине киргизген чектөөнү алып салды

Коом 0

Бишкек, 15.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын Ветеринардык жана санитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Казакстандан тоок этин ташып келүүгө киргизген чектөөнү алып салды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда чектөө Казакстан тараптан тиешелүү чара көрүлгөн соң алынган.

Кыргызстандын Ветеринардык жана санитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Казакстандан тоок этин ташып келүүгө 8-октябрда убактылуу чектөө киргизген. Буга коңшу өлкөнүн Кыргызстан менен чектеш аймактарында куш тумоосу боюнча маалыматтардын чыгышы себеп болгону айтылган.

Казакстандын Айыл чарба министрлиги Кыргызстан киргизген чектөөнү "мыйзамсыз" деп баалап, 12-октябрда Кыргызстандан эт азыктарын ташып кирүүгө убактылуу чектөө киргизген.

Пикир

Оставить комментарий