• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан Казакстанга карата ДСУ жана ЕЭКге жөнөткөн арыздарын чакыртып алат

Коом 0

Бишкек, 05.12.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстан Казакстанга карата кыргыз-казак чек арасындагы режимдин күчөтүлүшү боюнча Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына жазган арыздарын токтотот же чакыртып алат. Бул тууралуу Астанага сапарынын жыйынтыктары боюнча брифингде вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Ал тараптар учурда келишкендиктерин белгиледи.

Эл аралык уюмдарга кайрылуу Казакстанга таасир берген же бербегени тууралуу суроого Абдыгулов жооп берген жок.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстандын өкмөтү ДСУ жана ЕЭКге Казакстан тарабынан бул уюмдардын ченемдери жана талаптары бузулгандыгы тууралуу арызданган.

Пикир

Оставить комментарий