• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан кийинки жылдары 7 алтын кенин иштетиши керек – Рыскулов

Экономика 0

Бишкек, 28.08.18. /Кабар/. Кыргызстан кийинки жылдары 7 алтын казуу кендерин иштетиши керек. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өтүп жаткан жыйында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин башчысы Улан Рыскулов билдирди.

“Бизде дагы 7 алтын кени бар, болжол менен алар 250 тонна алтын берет. Бул кендерди акыркы үч жылдын ичинде ишке киргизсе болот. Ошентип, биз элдерди жумуш орундары менен камсыз кылабыз. Кийинки жылы Жерүйдү ишке киргизебиз, ал жакта алтындын запасы 100 тоннага жакын жана 1 миң жумушчу орун”, - деди Рыскулов.

“Кумтөр” боюнча айтып жатып ал билдиргендей, анда 95 тоннага жакын алтындын запасы калган.

“Жакынкы убакта ал жабылат, Кыргызстан андан көз каранды болуудан кетүүгө аракет кылышы керек”, - деди ал.

Рыскулов кошумчалагандай, бардык калган кендер даярдоо же болбосо долбоорлоштуруу алдында турат.

Пикир

Оставить комментарий