• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан ким менен соодалашып жатат?

Экономика 0

Бишкек, 11.07.18. /Кабар/. Кыргызстандын сырткы соода обороту быйылкы жылдын январынан май айына чейин болжол менен 2 миллиард 716 миллион АКШ долларын түздү. Макроэкономикалык көрсөткүчтөр тууралуу кененирээк Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Сырткы сооданын көлөмү өткөн жылдын ушул убагына салыштырмалуу 20,9 пайызга көбөйгөн. Анын ичинде экспорт 5,5 пайызга, импорт 27,1 пайызга өскөн.

“Республикадагы сырткы сооданын көлөмү Евразиялык экономикалык союздун (ЕАЭС) мүчө-мамлекеттери менен бирге 904 миллион долларды түзүп, өткөн жылдын январь-майына салыштырмалуу 6,5 пайызга көбөйдү.Ал эми товарлардын импорту 1,6, экспорттук жеткирүүлөр 21,2 пайызга өстү”, - деп билдирди С татистикалык маалыматты жайылтуу жана жыйынтыктоо бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева.

Кыргызстандын Түркия менен болгон соода мамилесинде импорт 125.8, экспорт 30,4 миллион долларды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий