• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстан КМШ өлкөлөрү боюнча шайлоону өткөрүү жана уюштуруу боюнча биринчи орунду ээлейт– Өзбекстан БШК башчысы

Саясат 0

Бишкек, 16.10.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстан шайлоолорду өткөрүү жана уюштуруу боюнча КМШ өлкөлөрү арасында биринчи орунду ээлейт. Бул тууралуу шайлоонун жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн жыйында Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мирза-Улугбек Абдусаломов билдирди.

“Шайлоо ачык өттү. Биз үчүн бул жактагы жараян менен таанышуу абдан пайдалуу болду. Өзбекстан техникалык каражаттарды колдонуу багыты боюнча иштеп жатат. Бизде шайлоонун жаңы мыйзамдык базасы иштелүүдө. Биз бул багытта силердин жана башка мамлекеттердин тажрыйбасын колдонобуз деп ишенебиз”,-деди ал.

Өз кезегинде Беларусия БШК төрагасынын орун басары Вадим Ипатов дагы жеринде иштеп жаткан шайлоо комиссияларынын ишин жогору баалады.

Пикир

Оставить комментарий