• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан командасы Астанадагы ордо боюнча эл аралык турнирде "күмүш" алды

Спорт 0

Бишкек, 5-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Машыктыруучу Искендер Кожокеевдин жетекчилигинин алдында Кыргызстандын командасы Астана шаарында ордо боюнча өткөн “Алтын Сака” IX Эл аралык турнирде күмүш байгелүү болушту.

Топтун башчысы Нурмуханбет Абдалимов “Кабар” маалымат агенттигине билдиргендей, турнир 1-4-июлга чейин Астана шаарында өткөн. Ага Казакстандан 13, Кыргызстандан бир команда катышкан. Ошондой эле, турнирде Монголия менен Кытайдын командалары оюн көрсөткөн.

“Ордо оюну биздин улуттук оюндан айырмаланып турду. Аларда эрежелер башкача болот экен, анткен менен биз экинчи орунду багынтып, күмүш байгелүү кайттык”,- дейт топтун башчысы.

Пикир

Оставить комментарий