• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан коронавируска байланыштуу Иран менен авиакаттамдарын убактылуу токтотту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.03.20. /Кабар/. Кыргызстан Иран менен авиакаттамдарын коронавируска байланыштуу убактылуу токтотту. Бул тууралуу парламенттин жыйынында Транспорт министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

Анын айтымында, бирок, ошого карабастан жарандар башка авиакомпаниялар аркылуу келишүүдө. “Аэрофлот, түрк аба каттамдары сыяктуу чоң компаниялар каттамдарын толугу менен токтоткон жок, алар чектөө гана киргизди. Биздин жарандар азыркы убакта ошол авиакомпаниялар аркылуу келишүүдө”,- деп билдирди Акышев.

Пикир

Оставить комментарий