• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстан коронавируска каршы россиялык вакцинанын 500 миң дозасын алат – Бейшеналиев

COVID - 19 0

Бишкек, 19.01.21. /Кабар/. Кыргызстан коронавируска каршы россиялык вакцинанын 500 миң дозасын алат. Бул тууралуу Биринчи радионун түз эфиринде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан "Ковакс" программасына катышууда. Программанын алкагында Кыргызстан 8 түрлүү вакцинаны алат. Pfizer вакцинанын документтери өлкөгө келип түштү, бирок вакцинаны сактоо үчүн -70 градус керектелет.

"Бизде андай муздаткычтар жок. Кыргызстандын ири шаарларына аталган муздаткычтарды алууга 2 млн доллар керектелет. Мындан улам биз башка вакцинаны алуу үчүн "Ковакс" программасына кайрылдык", - дейт ал.

Бейшеналиев Кыргызстан Россиядан вакцинанын 500 миң дозасын алуу боюнча кайрылуу жасагандыгын белгилейт.

"Россия тарап макулдугун берди. 2-3 ай ичинде вакцинаны алабыз", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий