• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан коронавирустун экинчи толкунуна даярданууда

COVID - 19 0


Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. Кыргызстан COVID-19 коронавирустук инфекциясынын экинчи толкунуна даярданууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков инфекциянын экинчи толкунуна даяр болуу үчүн чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

Алсак, аймактардагы ооруканалар кошумча орундар менен камсыз кылынууда. Азыркы учурда 12 объектиде жумуш жүрүп жатат. Аймактарда жайгашкан 9 оорукана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.

Баткенде 90 орундуу, Нарында 70 орундуу бейтапкана курулууда. Бишкек шаарында жана Жалал-Абад облусунда 100 орунга ылайыкташтырылган 2 оорукананын курулуш иштери башталды.

Натыйжада республика боюнча 1000ден ашык орундар даяр болот. Бул иштер президенттин жана өкмөттүн жеке көзөмөлүндө жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий