• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан коронавирустун вакцинациясы тууралуу 20 өлкөнүн сертификатын жарактуу деп тапты

COVID - 19 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирустун вакцинациясы тууралуу 20 өлкөнүн сертификатын жарактуу деп тапты.

Өлкөлөрдүн тизмеси:

  • Улуу Британия;
  • Венгрия;
  • Катар;
  • Израиль;
  • Грузия;
  • Сауд Арабия Падышачылыгы;
  • БАЭ;
  • Корея Республикасы;
  • Польша;
  • Сан-Марино;
  • Казакстан;
  • Өзбекстан;
  • Россия;
  • Румыния;
  • АКШ;
  • Түркия;
  • Германия;
  • Франция;
  • Швейцария;
  • Евробиримдик (Брюсселдеги бириккен медициналык кызмат тарабынан берилген сертификат).

Кыргызстанга кирүү учурунда 72 сааттан кеч эмес ПЧР-тесттин жыйынтыгын же коронавирус инфекциясына каршы жасалган вакцинаны тастыктаган документти көрсөтүү зарыл.

Башка чет өлкөлөрдүн сертификаттарын жарактуу деп табуу менен тизме өзгөрүлүп турмакчы.

Пикир

Оставить комментарий