• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан курама командасы IV Ислам оюндарына узатылды

Спорт 0

Бишкек, 11-май /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кечээ Бишкекте КР курама командасын IV Ислам тилектештик оюндарына Баку шаарына узатышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш чарага Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов, анын орун басары Канатбек Арпачиев, КР Улуттук олимпиадалык комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов, ошондой эле, КР спорт түрлөрү дирекцияларынын, КР курама командаларынын жетекчилери жана машыктыруучулар катышышты.

К.Аманкуловдун айтымында, спортчулар спорттун 12 түрү боюнча катышышат. “Республиканын күчтүү спортчулары катышууда. Биз жакшы жыйынтыктарды күтүп жатабыз. Оюндарга дүйнөнүн 57 өлкөсүнөн спортчулар катышат. Бул өзүңөрдүн даярдыгыңарды көрсөтүүнүн жакшы мүмкүнчүлүгү”, - деп белгиледи К.Аманкулов.

КР курама командаларынын мүчөлөрүнө Бакудагы оюндарга катышуу аккредиттөө карточкалары таратылган.

Курама команданын капитаны Каныбек Жолчубековго (грек-рим күрөшү) КР желеги тапшырылды.

Ошондой эле, бул оюндарда КР курама командасы чыга турган кийим сунушталды. Спорттук кийим улуттук колоритте, кыргыз элинин салттуу элементтери менен жасалгаланган. Параддык кийимди атамекендик Чапан KG компаниясы даярдаган.

Пикир

Оставить комментарий