• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан курамасы ФИФА рейтингинде 120-орунда

Спорт 0

Бишкек, 16.10.17 /Кабар/. Кыргызстандын улуттук курамасы 2 сапка көтөрүлүп, жаңыланган ФИФА рейтингинде 120-орунду ээледи. Рейтингдин кезектеги версиясы расмий сайтына бүгүн, 16-октябрда жарыяланды.

Сентябрдагы рейтингде команда 122-орунда турган.

Тандоо раунду боюнча атаандаштардын абалы бир аз өзгөрдү: 2 тепкичтен өйдөлөгөндөр - Макао (180-орун) жана Индия 105-орун, Мьянма 155-орун (-3).

Түркмөнстан курамасы мыкты команда болду (+22) – 114-орун. Начар команда Эквадордун курамасы болуп (-25) 60-орунга түштү.

Рейтингде лидерлик кылгандар: Германия, Бразилия, Португалия, Аргентина, Бельгия, Польша, Франция, Испания, Чили жана Перу курамалары.

Кийинки жаңыланган рейтинг 23-ноябрда сунушталмакчы.

Пикир

Оставить комментарий