• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан курамасынын капитаны Байматов Азия-2019 чемпионатына катышпайт

Спорт 0

Бишкек, 26.09.18. /Кабар/. Футбол боюнча Улуттук кураманын капитаны, индонезиялык "Борнео" клубунун коргоочусу Азамат Байматов Азия-2019 Кубогунда ойнобойт.

Азия чемпионатынын финалдык бөлүгү 5-январдан 1-февралга чейин болот. Кыргызстандын курамасы бул турнирде тарыхта биринчи жолу ойнойт.

Мурда алган жаракаттан улам футболчуга Россиянын аймагында операцияга кылууга туура келген.

Улуттук кураманын медициналык штабы билдиргендей, операциядан кийин кайра калыбына келүү мөөнөтү жарым жылга чейин созулушу ыктымал.

Эске сала кетсек, алган жаракаттан улам Азамат Байматов Бишкекте 6нан 10-сентябрь күндөрү өткөн Палестина (1:1) жана Сириянын (1:2) курамалары менен болгон жолдоштук беттештерге катыша алган эмес.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын курамасы Түштүк Корея, Кытай, Кыргызстан, Филиппин менен бирге “С” тайпасына туш болгон.

Тайпалык этаптын жыйынтыгы боюнча 1/8 финалга өз квартеттеринде 1-2-орундарды алган курама өтөт, ошондой эле өз тайпасында мыкты жыйынтык көрсөтүп 3-орунду алган 6 команданын ичинен 4ө өтөт.

Пикир

Оставить комментарий