• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан “Кургак учук - 6” улуттук программасын иштеп чыгууга киришти

Ден соолук 0

Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. Кыргызстан 2026-жылга чейинки мезгилге кургак учук менен күрөшүү боюнча алтынчы улуттук программасын иштеп чыгууга киришти. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Кургак учук-5” программасы өзүнүн иш-аракетин 2021-жылы аяктайт.

КР Саламатттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетектөөчү адиси Анара Мамбетисаеванын айтымында, атайын буйрук менен бекитилген жумушчу топ түзүлүп, ага эксперттер, республиканын кургак учукка каршы кызматынын адистери, жарандык сектордун, өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү кирди.

“Ар бир кийинки программаны түзүп атканда, мурункусу максатына кандайдыр бир деңгээлде жетпей калса, анын себептерин изилдешибиз керек. Андан кийин гана учурдагы абалдын өзгөрүүлөрүнө жараша жаңы программа кабыл алынышы керек. Эки фактор болбосо программа иштебейт. Биринчиден, ар бир программанын өзүнүн так аткарылыш механизмдери – акча каражаты, адам ресурстары, башка нерселер – ошолордун баары эсепке алынышы зарыл. Экинчиден, көрсөткүчтөр дагы реалдуулукка жакын болуш керек. Жөн эле асмандагы көрсөткүчтү алып туруп, биз жете албай калдык дебешибиз керек. Эмнесин толук эсептей алган жокпуз деген маселелерди өз алдыбызга коюшубуз керек” - дейт Улуттук фтизиатрия борборунун директору Мадамин Каратаев.

Кыргызстанда кургак учук боюнча Улуттук программалар 1998-жылдан тарта “Калкты кургак учуктан коргоо жөнүндө” жана “КР жарандарынын ден соолугун коргоо жөнүндө” Мыйзамдардын негизинде кабыл алынууда. Мурунку бардык программалардай эле, “Кургак учук-6” Улуттук программасы да, тилекке каршы, кургак учук көйгөйлүү дүйнөнүн Топ-30 өлкөсүнө кирген Кыргызстанда кургак учук менен ооруну жана өлүмгө учуроону мындан ары төмөндөтүүгө багытталган.

“Кургак учук-6” программасын иштеп чыккандар COVID-19 пандемиясынын терс таасири сыяктуу мурун болбогон чакырыктарга тийиштүү жооп бере ала турган документ болушу керек деп эсептешет. Кыргызстандын COVID менен байланышкан тажрыйбасы өлкөдө кургак учукка каршы кызматында жүргүзүлгөн реформалар анын экстремалдык шарттарда эффективдүү иштешине кандайча жардам бергенин көрсөттү. Ошол себептен реформаларды улантуу зарыл жана бул кургак учук боюнча программаларда бекитилүүгө тийиш, деп эсептейт КР фтизиатрлар Ассоциациясынын төрагасы Абдуллаат Кадыров.

“Илим бир орунда тура бербейт, жылдан жылга жаңы методдор, дарылар, жабдуулар пайда болууда. Ошонун негизинде жаңы программаны алганда биз дүйнөдөгү алдыңкы тенденцияларды камтууга аракет кылышыбыз керек. Биз ошондо кургак учук менен күрөшүү багытында жакшы ийгиликтерге жетишебиз деп ойлойм”, - деди ал.

Ошол эле кезде Улуттук фтизиатрия борборунун директору кургак учук боюнча кийинки программаны иштеп чыгууда жетекчиликке алууга тийиш болгон башкы принцип катары бейтапка-багытталуучулукту атады. Айтмакчы, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги “бейтапка-багытталуучулук” принцибин сактап, ошондой эле кургак учук менен күрөшүү боюнча өлкөнүн ишмердигин жалпылап коомдук колдоону камсыз кылуу максатында иш жүргүзүүнү көздөп жатат. Ал үчүн “Кургак учук-6” Улуттук программасына карата ар бир кызыкдар жарандын өз пикирин айтуусуна мүмкүнчүлүк түзүүнү уюштурууну пландаштырууда, деп билдирди Анара Мамбетисаева.

Пикир

Оставить комментарий