• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргызстан кургак учук менен күрөштө жаңы ыкмаларды колдонууну улантууда

Ден соолук 0

Бишкек, 23.03.18 /Кабар/. Жыл сайын 24-мартта Эл аралык кургак учук (туберкулез) менен күрөшүү күнү белгиленет. АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) бул өтө кооптуу инфекциялык дарт менен күрөштө Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен иштеп келет. USAIDдин жардамы менен иштелип чыккан кургак учукту дарылоону жана алдын алууну жакшыртуу боюнча стратегияга ылайык, Кыргыз Республикасы жаңы дарылоо моделин кабыл алып, саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүп жана медицина кызматкерлерине жаңы стимулдарды киргизүүнү улантып жатат, - деп айтылат АКШ элчилигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Кыргызстан дарыга туруктуу кургак учук формаларынын деңгээли дүйнө боюнча эң жогорулардын арасына кирет (катталгандардын дээрлик 25%). Бул формалар өтө кооптуу, анткени ал стандарттуу дарыларга туруштук берет жана дарылоо убакты да эки жылга чейин созулушу мүмкүн. USAID жана Саламаттыкты сактоо министрлиги натыйжалуулугу жогору болгон жаңы дарыларды жана дарылоо ыкмаларын киргизишти. Жаңы режим менен дарыланып жаткан биринчи 400 бейтап кошумча терс таасирлер аз болуп, дарылануу бат жүрүп жатканын айтышууда. Жаңы ыкмалар өлкө боюнча жүздөгөн жанды сактап калууга жардам берет.

Кургак учукту дарылоодогу негизги кыйынчылыктардын бири – бул узак мөөнөт. Пациенттер оорукандан чыккандан кийин дагы айлап түрдүү дарыларды ичиши керек. Ал эми медициналык кызматкердин камкордугу болбосо, ал токтоп калышы мүмкүн. Ошондуктан, USAID жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду ар бир медицина кызматкери аягына чыгарган дарылоосу үчүн акча ала тургандай кылып финансылык модель иштеп чыгышты. Эми, ар бир врач же медайым узакка созулган дарылоону аягына чыгарууга кызыкдар болот. Андан тышкары, бул модель боюнча ар бир бейтапка каралган акча-каражат кандай сарпталып жатканын көзмөлдөө үчүн компьютердик маалымат системасы иштелип чыкты. Бул система USAIDдин колдоосу менен “Таза коомдун” принциптерине ылайык иштелип чыкты. Ийгиликтүү ишке киргизилгенден тартып, бул система Кыргызстан боюнча бардык бейтапканаларда иштеп баштады.

Кургак учукту аныктоо жана дарылоону колдоо катарында, USAID кургак учук боюнча жаңы окуу китебин иштеп чыгууга жардам берди. Бул китеп эл аралык стандарттарга жооп берет жана бул кооптуу дарт боюнча акыркы жетишкендиктерди жана Кыргыз Республикасы, Борбодук Азия боюнча маалыматты жана анализди камтыйт. Өлкө боюнча медициналык окуу жайлар 2 миңден ашуун китеп нускаларын алышты.

Кургак учук менен күрөштө жылышка карабастан, бул дарт Кыргыз Республикасында олуттуу эпидемия болуп келет. Жыл сайын 5,5 миңдей адам кургак учукка, алардын 1,4 миңи дарыга туруктуу формасына чалдыгып, 400дөй киши бул дарттан каза табат. USAIDдин “Кургак учукту жеңебиз” жана “Кургак учукка чакырык” аттуу долбоорлору аркылуу (жалпы бюджети 17,5 млн АКШ доллары), АКШ өкмөтү Кыргыз Республикасынын бул эпидемияга каршы туруу аракетин колдойт.

Кургак учук менен күрөштөгү ушул жана башка жаңылыктар 26-мартта атайын пресс-конференцияда талкууланат. Пресс-конференцияга Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Улуттук кургак учук менен күрөшүү программасынын жана USAIDдин өкүлдөрү катышат. Жыйын Улуттук фтизиатрия борборунда (Ахунбаева көч., 90А) саат 11.00 башталат.

Пикир

Оставить комментарий