• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

"Knauf" компаниясы Кыргызстанда гипс өндүрүүчү завод курууга кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. Бавария Федералдык жеринин Ипхофен шаарында Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору Умбриел Темиралиев "Knauf" компаниясынын катышуучуларынын башкаруучуларынын алдындагы КМШ боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Блумгардт менен жолугушту.

Агенттиктен билдиришкендей, жолугушууда биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Умбриел Темиралиев Кыргызстандын артыкчылыктуу өнүгүүсү жана өндүрүүчүлөрдүн жана инвесторлордун ишин жакшыртууга өбөлгө түзгөн инвестициялык саясат чөйрөсүндөгү жүргүзүлүп жаткан реформалар жөнүндө маалымдады. Ал "Knauf" заводун куруу боюнча долбоорду ишке киргизүү жолу менен Кыргызстан менен ишти активдештирүүнү сунуштады.

Белгилей кетсек, "Knauf" компаниясы 2022-жылы түзүлгөн Кыргыз-герман ишкер кеңешинин мүчөлөрүнүн бири болуп саналат.

Өз кезегинде, Александр Блумгардт ишкер кеңешти түзүү эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары активдештирүүгө багытталган өз убагында жасалган кадам болуп саналат деген пикирин билдирди. Ишкер кеңештин алкагында жана кыргыз өнөктөштөрү менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстанда Германиянын бизнесинин катышуусун кеңейтүү үчүн маанилүү болгон бардык маселелер чечилерине ишеним билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Блумгардт "Knauf" компаниясынын эл аралык тажрыйбасында кабыл алынган бөтөнчө модулдук технология боюнча Кыргызстанда гипс өндүрүү боюнча завод курууга кызыкдарлыгын, бул өндүрүш циклинин бардык этаптарына, өндүрүш маданиятына жана экологиялык коопсуздукка тиешелүү экендигин билдирди.

Ошондой эле "Knauf" компаниясы өндүрүштүк иштен тышкары заманбап курулуш технологияларын жайылтууга жана куруучу, инженер жана куруучу кесибинин кадыр-баркын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурарын, Кыргызстанда адистештирилген адистерди окутуу үчүн бир нече окуу борборлору иштеп жаткандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий