• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан "Кылабыз" аталыштагы глобалдуу экологиялык акцияга кошулат

Коом 0

Бишкек, 10.09.19. /Кабар/. Кыргызстан "Кылабыз" аталышындагы глобалдуу экологиялык акцияга кошулат. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигиндеги маалымат жыйында "Эко деми" коомдук фондунун жетекчиси Айжан Чыныбаева билдирди.

Анын айтымында, 21-сентябрь Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында өлкө аймагында 1000 ыктыярчы катышкан ишембилик өтөт.

"Дүйнөнүн 150 өлкөсү айлана-чөйрөнү тазалоо акциясына катышат. Жүз миңдеген адамдар ишембиликке чыгып, өзүнүн айлана-чөйрөгө кайдыгер эместигин, экологияны таза сактагандыгын жана аны кийинки муунга өткөрүп бергендигин даңазалайт", - дейт Чыныбаева.

Дүйнөлүк тазалык күнүнүн идеясы Эстониянын активисттерине таандык. 10 жыл мурун Эстонияда "Кылабыз" аталышындагы акция старт алган. Бул аралыкта ишембилик эл аралык деңгээлге чыгып, дүйнө жүзү боюнча 18 миллион адамды өз катарына кошкон.

"Кылабыз" кыймылынын расмий өнөктөштөрү "Эко деми" коомдук фонду, КР президентинин аппараты, КР өкмөтүнүн аппараты, коомдук уюмдар, мамлекеттик жана жеке түзүмдөр болуп саналат.

"Биз экология тармагында көптөн бери иш алып келебиз. Иш-аракеттерибиз бир гана ишембилик менен чектелип калбайт. Айлана-чөйрөнү көз карегиндей сакташ керектигин элдерге түшүндүрүп келебиз. КР Билим берүү жана илим министрлиги менен тыгыз иштешебиз. Жакынкы аралыкта баардык мектептерде "Тазалык сааты" аталышында сабактар өткөрүлүп, ошондой эле ар кандай сынактар уюштурулат. Белгилей кетчү нерсе, аталган кыймылга ыктыярчылардын саны жыл санап өсүүдө", - дейт "Эко деми" коомдук фондунун жетекчиси.

Пикир

Оставить комментарий