• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Кыргызстан – кышкы эс алуунун жана тоо лыжа туризминин өлкөсү – 2023” кайрымдуулук фестивалы өтөт

Спорт 0

Бишкек, 08.02.23. /Кабар/. 25-февралда “Кыргызстан – кышкы эс алуунун жана тоо лыжа туризминин өлкөсү – 2023” XIV кайрымдуулук фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чара “Mounty Норус” лыжа базасында саат 11:00дө башталмакчы.

Фестивалдын максаты - Кыргызстанды кышкы спорттун, туризмдин жана эс алуунун өлкөсү катары таанытуу болуп саналат. Анда лыжа тебүү боюнча мелдеш жана музыкалык номерлер өткөрүлөт.

“Билеттерди алууда лыжа билети акысыз болот. Чогултулган бардык каражаттар калктын аярлуу топторуна колдоо көрсөтүүгө жумшалат”, - деп белгилешти министрликтен.

Иш-чара Туризм департаменти, Норус лыжа базасы, JIA Бизнес ассоциациясы, JICA бүтүрүүчүлөр ассоциациясы, Эл аралык ишкерлер кеӊеши, Кыргызстандын жөө жүрүүчүлөр туристтик бирикмеси, “Элим барсыңбы?” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулууда.

Билеттерди төмөнкү номерлер боюнча алса болот:

+996 (500) 888-900

+996 (0500) 888-250 («Mounty Норус» сатуу бөлүмү)

Пикир

Оставить комментарий