• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

"Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" эл аралык кино фестивалы старт алды

Маданият 0

Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. "Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" эл аралык кино фестивалы старт алды. Бул тууралуу Маданият, спорт, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ачылыш салтанат “Манас” кинотеатрында өтүп, ага Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев жана Эл аралык "Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" кино фестивалынын директору Фархад Бекманбетов катышты.

Алгач, жалпы катышуучулар, калыстар тобу жана атайын чакырылган коноктор кызыл килемден өтүп, иш- чара расмий ачылды.

Фестиваль КР Маданият, спорт, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, КМШга мүчө мамлекеттердин мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун жана "Айтыш" коомдук фонду тарабынан ишке ашууда.

Быйыл кинофестиваль Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган.

Фестиваль эл аралык жана улуттук болуп эки конкурстук программаны камтыйт. Анда фантастикалык, даректүү, анимациялык жана эксперименталдык тасмалар сыяктуу жанрлар көрсөтүлөт.

Быйыл кинофестивалга чет өлкөлүк жана ата мекендик кинорежиссёрлордон 500дөн ашык арыз түшкөн. Фестивалдын тасмаларын калыстар тобу баалайт, анын курамына КМШ, Балтика жана Грузиянын белгилүү кинорежиссёрлору кирет.

Фестиваль 17-сентябрь күнү жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий