• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

"Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" эл аралык кино фестивалы жыйынтыкталды

Маданият 0

Бишкек, 18.09.21. /Кабар/. "Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" эл аралык кино фестивалы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жабылыш салтанаты “Манас” кинотеатрында өтүп, ага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова жана Эл аралык "Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" кино фестивалынын директору Фархад Бекманбетов катышты.

Фестиваль Маданият, спорт, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, КМШга мүчө мамлекеттердин мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун жана "Айтыш" коомдук фонду тарабынан ишке ашты.

Быйыл кинофестиваль Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулду.

Фестиваль эл аралык жана улуттук болуп эки конкурстук программаны камтыйт. Анда фантастикалык, даректүү, анимациялык жана эксперименталдык тасмалар сыяктуу жанрлар көрсөтүлдү.

Быйыл кинофестивалга чет өлкөлүк жана ата мекендик кинорежиссёрлордон 500дөн ашык арыз түшкөн. Фестивалдын тасмаларын калыстар тобу баалайт, анын курамына КМШ, Балтика жана Грузиянын белгилүү кинорежиссёрлору кирди.

Пикир

Оставить комментарий