• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” фестивалына чет өлкөдөн 14 тасма катышат

Маданият 0

Бишкек, 31.08.21. /Кабар/. “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” кинофестивалына чет өлкөлөрдөн 14 тасма катышат. Бул тууралуу уюштуручулар билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы 14-сентябрдан 17-сентябрга чейин Бишкек шаарында өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн, Балтика жана Грузиянын жыл сайын өтүүчү “Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” эл аралык кинофестивалына катышууну каалаган чет өлкөлүк тасмалардын сынагынын жыйынтыгы чыгып, ага 14 тасма тандалып алынды:

- «Безмолвие» / Азербайджан / реж.Замин Мамедов;

- «Мое черное сердце» / Армения / реж. Гаруш Казарян;

- «Друг» / Белоруссия / реж. Андрей Светлов;

- «Круговой» / Грузия / реж. Автандил Софромадзе;

- «Пуговица» / Казахстан / реж. Нурбол Ерболулы;

- «Мээрман» / Кыргызстан / реж. Айкөл Нурланбек уулу;

- «Пряный» / Латвия / реж. Антон Рюмин;

- «Техно, мама» / Литва / реж. Саулюс Барадинскас;

- «Я дорин» / Молдова / реж. Валериу Андруита;

- «Ты здесь» / Россия / реж. Орхан Абулов;

- «Обуза» / Таджикистан / реж. Манзарали Шерали;

- «Астма» / Узбекистан / реж. Хуснулло Жомонкулов;

- «Предел» / Украина / реж. Иван Винарчик;

- «Вираго» / Эстония / реж. Керли Кирх Шнейдер.

Тасманы көрсөтүү КМШга мүчө мамлекеттердин мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун (IFES), КРнын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы кинематография департаментинин, "Айтыш" коомдук фондунун жана маданий кызматташтык фондунун колдоосу менен өтөт.

Кинофестиваль эки сынактык программаны камтыйт: эл аралык жана улуттук, анда фантастикалык, даректүү, анимациялык жана эксперименталдык тасмалар сыяктуу жанрлар көрсөтүлөт. Бул жылы кинофестивалга катышуу үчүн чет элдик жана ата мекендик кинематографисттерден жалпы 500дөн ашык билдирүү түшкөн.

Кинофестивалдын салтанаттуу ачылышы 14-сентябрь саат 12:00дө “Манас” кинотеатрында өтөт, ал эми 17-сентябрь саат 16:00дө “Эң мыкты тасма”, “Эң мыкты режиссер”, “Калыстардын атайын сыйлыгы” жана “Көрүүчүлөрдүн тандоосу боюнча сыйлык” наамдары боюнча жеңүүчүлөр жарыяланат.

Эскерте кетсек, улуттук сынактык программага Кыргызстандан 12 тасма тандалып алынган.

Пикир

Оставить комментарий