• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан Кытай чек арасында күчү 5 баллга жеткен жер титиреди

Коом 0

Бишкек, 3-август /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кыргыз-кытай чек арасында бүгүн саат 6:14 чамасында күчү 5 баллга жеткен жер титиреди.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиргендей, жер титирөөнүн борбору Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында орун алган. Жер титирөө Эркештам, Нура, Кек-Суу жана Икизяк айылдарында байкалган. Калктуу айылдарда жер титирөөнүн күчү 2,5 баллдан 5 баллга чейин жеткен.

Эскерте кетсек, күчү 2,5 баллдан 3 баллга чейинки жер силкинүү кечээ болжолу менен саат эртең мененки 5:26да катталган. ӨКМ билдиргендей, жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий