• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан Кытай менен жемиштүү кызматташууга даяр

Өкмөт 0

Бишкек, 03.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев бүгүн, 3-апрелде Пекин шаарындагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай Өкмөттөр аралык комиссиясынын 13-жыйынынын алкагында Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Ху Чуньхуа менен жолукту.

Биринчи вице-премьер-министр Ху Чуньхуаны Кытайдын комунисттик партиясынын Борбордук комитетинин саясий бюросунун 19-чакырылышына мүчө болуп шайланышы жана Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери болуп дайындалышы менен куттуктады.

Аскарбек Шадиев эки тараптык мамилелердин түзүлүп жаткан деңгээлин жана Кыргызстандын Кытай менен болгон жемиштүү кызматашууга даярдыгын белгиледи.

«Соода-экономикалык кызматташтык боюнча түзүлүп жаткан биздин өкмөттөр ортосундагы жигердүү өз ара аракеттешүүнү канаттануу менен белгилеп кетким келет. Биз «Бир алкак- бир жол» демилгесинин алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлорго толугу менен катышууга даярбыз. Кайра жаралып жаткан Жибек жолу, анын багытында орун алган өлкөлөр үчүн экономикалык инновация, экономикасын жана бизнесин алдыга жылдыруу түрткүчүнө айланууда», - деп белгиледи ал.

Өз кезегинде Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Ху Чуньхуа Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда абдан тыгыз жана достук мамилелер калыптанып калгандыгын баса белгиледи.

Кытай Эл Республикасы Шанкай кызматаштык уюмунун (ШКУ) олуттуу мүчөсү жана Биримдик ичинде чоң кадыр баркка ээ Кыргызстан менен ар тараптуу пландагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет.

«Биз биргелешкен аракеттер менен ШКУ алкагындагы эки тараптык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы дем бере алабыз деп ишенем», - деди Ху Чуньхуа.

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев кыргыз тарап Кытай менен транспорт, кайра иштетүүчү өнөр жай, айыл чарба, туризм жана башка тармактарда түз инвестициялар боюнча мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыктар экендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий