• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан Кытайга $10 млн айыл чарба азыктарын экспорттогон

Экономика 0

Бишкек, 24.10.19. /Кабар/. Кыргызстан 2019-жылдын тогуз айында Кытайга 10 млн долларга айыл чарба азыктарын экспорттогон. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин айыл чарба азыктарын экспорттоо бөлүмүнүн башкы адиси Бексултан Арзыбаев билдирди.

Анын айтуусунда, Кытайга негизинен алча, кургатылган жер-жемиштер, өрүк жана бал жөнөтүлгөн.

Айыл чарба министринин кеңешчиси Азат Эркебаев билдиргендей, Кыргызстан Кытайдан негизинен тоок эти жана калк керектөөчү буюмдарды импорттойт.

Пикир

Оставить комментарий