• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан Ливан дипломатиялык мамилеси түзүлдү

Саясат 0

Бишкек, 30-июнь /Кабар/. Кыргызстан менен Ливан Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлдү. Биргелешкен Коммюникке Нью-Йорк шаарында БУУнун алдындагы Кыргызстандын жана Ливандын туруктуу өкүлдөрү Миргүль Молдоисаева жана Наваф Салам кол коюшкан. Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Биргелешкен Коммюникенин текстинде тараптар дипломатиялык мамиле түзгөндүгү, БУУнун жана эл аралык укуктун принциптеринин уставына ылайык дүйнөдөгү коопсуздук, өлкөлөр аралык теңчилик, улуттук эгемендүүлүктү сыйлоо, мамлекеттин аймактарында бүтүмдүктү сактоо, эл аралык келишимдерди аткаруу жана өлкөнүн ички маселесине аралашпоо жазылган.

Аталган документке кол коюлгандан кийин эки тараптуу жолугушуулар өттү. Анда тараптар БУУнун алкагында кызматташууну бекемдөө өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий