• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан – Мьянма: Күйөрмандарга концерт тартууланып, оюн жаңыртылган стадиондо өтөт

Спорт 0

Бишкек, 10.10.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын борборундагы стадиондо футбол боюнча Кыргызстандын курамасы Мьянманын командасы менен оюн өткөрөт. Футбол федерациясы тарабынан Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо бир катар оңдоо иштерин жүргүзүлгөн.

Федерациянын маалыматында, стадиондогу отургучтар оңдолуп, сынып калгандары жаңыртылган. Аны менен бирге, отургучтардагы сандар кайра жазылып, стадионду жарыктандыруу жана тазалоо иштери жүргүзүлгөн.

Мындан сырткары, футбол күйөрмандарына белгилүү ырчылардын жана диджейдин аткаруусунда концерт өтөт.

Эскерте кетсек, эки команданын оюну бүгүн, 10-октябрда саат 20:30да башталат.

Пикир

Оставить комментарий