• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстан маалымат, байланыш мүмкүнчүлүгү кенен өлкө болуусу керек - Боронов

Өкмөт 0

Бишкек, 02.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов "Санариптик Кыргызстан" санариптик трансформациялоо концепциясын жана КРнын Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу боюнча кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кеңешменин жүрүшүндө министрликтердин жана ведомство жетекчилери мурунку кеңешменин жыйынтыгында берилген тапшырмалардын аткарылышын билдиришти.

Кубатбек Боронов санариптештирүү өлкөнүн экономикалык саясатында бирден бир артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи

“Биздин алдыбызда "Санариптик Кыргызстан" санариптик трансформациялоо Концепциясын эффективдүү ишке ашырууга керектүү иштерди аткаруу милдети, анын ичинде Коопсуздук кеңешинин алдыбызга койгон тапшырмалары турат. Ведомстволор аралык маалымат алмашуу үчүн мамлекеттик органдардын бардыгы “Түндүк” системасына кошулушту, бирок жеткиликтүү деңгээлинде эмес экендигин учурдагы кырдаал көрсөтүп турат”, - деп айтты биринчи вице-премьер-министр.

Биринчи вице-премьер-министр квалификациялуу IT-адистерин даярдоо ишин күчөтүү керектигин баса белгиледи. Аны менен бирге иштин оң натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, бирдиктүү электрондук маалыматтар базасын түзүү "Мектепке электрондук жазылуу", социалдык колдоо көрсөтүү жана башка бирдиктүү системаны ишке ашыруу боюнча иштер башталгандыгын белгилөө болот.

“Digital CASA долбоорунун алкагында регионалдык Дата-борборлорунун курулуштарын курууну, аймактарды интернет менен камсыз кылууну тездетүү зарыл.
Маалыматтык технологиялар кылымында Кыргызстан маалымат, байланыш мүмкүнчүлүгү кенен өлкө болуусу керек", - деп билдирди Кубатбек Боронов.

Кеңешменин жыйынтыгында биринчи вице-премьер-министр “Түндүк" системасына кошулуу ишин күчөтүү үчүн бардык мамлекеттик мекемелерге, ар бир мамлекеттик орган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн электрондук түрүнө өтүү процедурасын тездетүүнү тапшырды.

Кубатбек Боронов тапшырманы өз убагында аткара албаган жетекчилер жеке жоопкерчиликке тартылаарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий