• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялады

Президент 0

Бишкек, 14.03.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Майыптардын укуктары жөнүндө Бириккен Улутар уюмунун (БУУ) Конвенциясын ратификациялоо тууралуу мыйзамына кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 7-февралында кабыл алынган.

Майыптардын укуктары жөнүндө конвенция Башкы Ассамблеянын 2006-жылдын 13-декабрындагы 61/106 резолюциясы менен кабыл алынып, 2008-жылдын 3-майында күчүнө кирген.

Конвенцияга карата Факультативдик протокол да кабыл алынган. Анын негизги максаты баардык майыптар адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо, ошондой эле алардын аброюн сыйлоого артыкчылык берүү болуп саналат.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлүнүн айтымында, 2018-жылдын 1-январына карата Кыргызстандагы ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны 181 миң адамды түзгөн же Конвенцияга кол койгон учурдан тарта алардын саны 39 миң адамга көбөйгөн.

Конвенциянын ченемдерин ишке ашыруу үчүн алгачкы 10 жылда 6 млрд 647 млн сом керектелет, анын ичинен иш-чараларга – 1 млрд 575 млн сом билим берүүгө, саламаттыкты сактоого, маданий жашоого катышууга, эс алууга, спорт менен машыгууга, инфраструктураны жакшыртууга – 5 млрд 72 млн сом керектелет.

Белгилей кетсек, ушу тапта Кыргызстанда 181 миӊ ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар, алардын басымдуу бөлүгү эрезеге жетелек балдар болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий