• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан Малайзияда өткөн эл аралык туристтик көргөзмөгө катышты

Коом 0

Бишкек, 23.03.23. /Кабар/. Кыргызстан Малайзияда өткөн MATTA FAIR-2023 эл аралык туристтик көргөзмөгө катышты.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, көргөзмө 17-марттан 19-мартка чейинки аралыкта Куала-Лумпур шаарында өткөн.

Кыргыз павильону Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин активдүү көмөгү менен Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду тарабынан уюштурулган.

Үч мейманкана жана эки туроператордун катышуусунда Кыргызстандын делегациясын фонддун президенти Елена Калашникова жетектеди. Көргөзмөнүн жүрүшүндө бир катар B2B жолугушууларды өткөрдү. Бардык катышуучуларга жана конокторго түстүү саякат материалдары көрсөтүлгөн.

MATTA FAIR-2023 көргөзмөсүнүн алкагында 100дөн ашык чет элдик компаниялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда туристтик бизнес-форум да өттү.

Форумдун жүрүшүндө Кыргызстандын Малайзиядагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Атай Наматбаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, ал инвестициялык кызматташтыкты арттыруунун мүмкүнчүлүктөрүнө кыскача токтолуп, малайзиялык инвесторлорду кыргыз компаниялары менен өз ара пайдалуу кызматташууга чакырды.

Иш-чаранын жыйынтыгында КРнын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду менен Малайзиянын туристтик агенттиктери жана туроператорлор ассоциациясы, ошондой эле үч малайзиялык туристтик компаниянын ортосунда кызматташуу боюнча төрт Меморандумга кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий