• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан Мамлекеттик тилдин 28 жылдыгын белгилөөдө

Коом 0

Бишкек, 22.09.17. /Тумара Туратбекова - Кабар/. Кыргызстан Мамлекеттик тилдин 28 жылдыгын белгилөөдө. Бишкекте өтүп жаткан расмий иш чаранын жүрүшүндө КРнын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева жалпы кыргызстандыктарды президент Алмазбек Атамбаевдин атынан куттуктады.

“Урматтуу кыргызстандыктар, бардыгыңарды ушул майрам менен чын дилимден куттуктайм. Барыңар билгендей, 2014-2020жж өкмөт тарабынан кыргыз тилин өнүктүрүү милдети коюлган. Менимче, сиздер менен биргеликте эне тилибизди өркүндөтө алабыз”,-деди Карыбаева.

Пикир

Оставить комментарий