• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен АӨБнын ортосундагы кредиттик жана гранттык макулдашуу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 16.11.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «2021-жылдын 4-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы — 2-чакан программа) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы — 2-чакан программа) ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзамдын максаты 2021-жылдын 4-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы — 2-чакан программа) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы — 2-чакан программа) ратификациялоо аркылуу мамлекеттин ичиндеги жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Белгилей кетсек, Азия өнүктүрүү банкы финансы каражаттарын республикалык бюджетке колдоо үчүн 80 млн АКШ доллар өлчөмүндө берет. Анын ичинде: 10,7 млн — грант жана 69,3 млн — кредит 24 жылга сегиз жылдык жеңилдетилген мезгилге 1% үстөк пайыз менен, негизги мезгилде 1,5% үстөк пайыз менен берилет.

Мыйзамдын максаты 2021-жылдын 4-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы — 2-чакан программа) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы — 2-чакан программа) ратификациялоо аркылуу мамлекеттин ичиндеги жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий