• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан менен Афганистан соода-экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссия түзүүдө

Экономика 0

Бшкек, 18.04.19. /Кабар/. Кыргызстан менен Афганистан соода-экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссия түзүүдө. Бул тууралуу КР экономика министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Афганистандын Тышкы иштер министри Салахуддин Раббанинин Кыргызстанга болгон визитинин алкагында эки өлкөнүн өкмөттөрү ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-афган өкмөттөр аралык биргелешкен комиссия түзүү боюнча макулдашууга кол коюлган.

Келишимге КР экономика министри Олег Панкратов жана Афганистандын Тышкы иштер министри Салахуддин Раббани кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий