• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Афганистандын ТИМ башчылары эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. 12-мартында Анталья дипломатиялык форумунун алкагында Афганистан тараптын демилгеси менен КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Афганистандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Моттаки менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Эки мамлекеттин тышкы саясий ведомстволорунун башчылары эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин, ошондой эле коопсуздук маселелерин жана аймактагы кырдаалды талкуулашты.

Министр Казакбаев Кыргызстан Афганистан менен эки өлкөнүн элдеринин жалпы тарыхына, маданиятына жана салттарына негизделген коңшулук мамилелерди өнүктүрүүгө умтулуп, Афганистандын ички иштерине кийлигишпөө принцибин дайыма карманып келерин жана өз өлкөсүнүн келечегин аныктоого афган элинин укугун урматтай тургандыгын белгиледи.

Министр башка мамлекеттердин Афганистан боюнча бардык тынчтык жана гуманитардык демилгелерин кубаттап, өлкөнүн стабилдүүлүгүнө, экономикалык өсүшүнө жана гүлдөп-өнүгүшүнө кызыкдар экенин билдирип, афган тарапты эл аралык коомчулук менен кызматташууга чакырды.

Афганистандын тышкы иштер министринин м.а. Амир Хан Моттаки 2021-жылдын сентябрь жана октябрь айларында Афганистан элине гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди.

Бул контекстте ал Бадахшан аймагынын жергиликтүү калкынын, анын ичинде Афганистандын Улуу жана Кичи Памиринде жашаган этникалык кыргыздардын жыргалчылыгы үчүн ооруканаларды жана мектептерди куруу аркылуу Бадахшан облусун биргеликте өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашырууну сунуштады.

Аймактык коопсуздук маселелерине токтолуп, министр Казакбаев Афганистан өкмөтүнүн өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу боюнча көрүп жаткан чараларын, ошондой эле Афганистандын жаңы бийликтери тарабынан баңгизатка каршы күрөшүүнү улантууга жана эл аралык террористтик топтордун Афганистандын аймагын коңшу өлкөлөргө, региондун өлкөлөрүнө жана бүтүндөй дүйнө өлкөлөрүнө каршы пайдалануусуна жол бербөө боюнча жаңы афган бийлиги тарабынан кабыл алынган аракеттерди кубаттады.

Ошондой эле Казакбаев бүгүнкү күндө Афганистанга электр энергиясын жеткирүү боюнча CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу, ошондой эле региондун бардык өлкөлөрүнүн ортосундагы транзиттик-транспорттук потенциалды практикалык жактан өнүктүрүү жана толук пайдалануу маселелери өзгөчө актуалдуу болуп жаткандыгына афган тараптын көңүлүн бурду.

Бул контекстте афган тарап континенттин түндүгү менен түштүгүн байланыштырган соода жолдорун түзүүнү сунуштап, Кыргызстандын кызыкчылыгын жана транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен Афганистандан айыл чарба продукциясын Россиянын рыногуна экспорттоого көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.

Мындан тышкары, афган тарап Борбордук Азия өлкөлөрү менен Афганистандын ортосундагы аймактык кызматташтыкты чыңдоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну жана кийин региондун өлкөлөрүнүн ортосунда ротациялоо менен Кабулда коопсуздук маселелери боюнча конференция өткөрүүнү сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий