• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан менен Афганистандын ТИМ башчылары кызматташтыкты талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 02.10.20. /Кабар/. 2020-жылдын 1-октябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Афганистан Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Мохаммад Ханиф Атмар менен видеоконференцбайланышта сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-афган мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелери, анын ичинде Чоң жана Кичине Памирдеги афган кыргыздарын колдоо боюнча долбоорлор талкууланды. Андан тышкары, тараптар инфратүзүмдүк долбоорлорду жана региондук интеграцияларды мындан ары өнүктүрүүнүн көрүнүштөрү тууралуу пикир алмашышты.

"Министр Айдарбеков 2020-жылдын сентябрында Доха шаарында афган эл ичинде жолго коюлган элдешүүнүн процессин колдоорун жана Афганистанда тынчтыкка жетишүү жана бүтүндөй региондук коопсуздукту бекемдөө максатында анын алдыга жылышына үмүт артарын билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий