• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргызстан менен Ага Хан өнүктүрүү түйүнүнүн ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. 2021-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Ага Хан өнүктүрүү уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Шамш Кассим-Лакха менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен аталган уюмдун кызматташуу маселелери жана өз ара аракеттенүүсүнүн артыкчылыктуу багыттары, тактап айтканда, социалдык-экономикалык чөйрөдөгү, билим берүү, саламаттык сактоо, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жаатындагы маселелер талкууланды.

Тараптар бири-бирин ушул жылы Кыргыз Республикасы менен Исмаилиттер имаматынын ортосундагы өнүктүрүү боюнча кызматташтык келишимине кол коюлгандыгынын, ошондой эле KICB банкынын ачылышынын 20 жылдыгына байланыштуу куттукташты.

Мындан тышкары, министр Р. Казакбаев өкүлчүлүктүн башчысын Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин (БАУ) биринчи бүтүрүүчүлөрүнүн чыгышы менен куттуктап, Кыргыз Республикасы БАУнун ишине өзгөчө көңүл буруп жаткандыгын баса белгиледи жана бул университет келечекте региондогу гуманитардык жана так илимдер жаатындагы алдыңкы билим берүү мекемелеринин бири болуп, ошондой эле жарандардын сапаттуу билим алуусуна шарт түзүп бере тургандыгына үмүт артарын билдирди.

Учурдан пайдаланып Ш. Касим-Лакха өлкө жетекчилигин студенттердин бүтүрүү кечесине катышууга чакырды.

Ахга Хан уюму тарабынан жүзөгө ашырылган программалар тоолуу аймактарды өнүктүрүүнү колдоого багытталып, республиканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты болгондугу белгиленди.

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Ага Хан өнүктүрүү уюмунун долбоорлору жана программалары мындан ары да Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнө өз салымын кошот деп ишене тургандыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий