• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Ага-Хан уюмунун өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 03.07.19. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кыргыз Республикасындагы Ага-Хан Өнүктүрүү тармагынын Өкүлчүлүгүнүн башчысы Шамш Кассим-Лакха менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен уюмдун кызматташуу жана келечектүү өз ара аракеттенүү багыттарын, тактап айтканда, социалдык-экономикалык чөйрө, билим берүү, саламаттыкты сактоо, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жаатындагы маселелерди талкуулашкан.

"Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнү колдоого багытталган АКДНнын Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан программалары Кыргыз Республикасынын президенти С.Жээнбековдун 2019-жылды региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашырууну илгерилетери белгиленди. Министр Чыңгыз Айдарбеков АКДНнын долбоорлору жана программалары Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнө мындан ары дагы көмөк көрсөтөөрүнө үмүт артты", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий