• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен АКШ трансулуттук коркунучтарга каршы туруу маселелесин талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 14.06.22. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Майкл Курилланы кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Майкл Курилла Кыргызстанга эл аралык визитинин алкагында таанышуу сапары менен келген.

Жолугушууда Афганистандагы кырдаалдын алкагында чек араларды бекемдөө жана трансулуттук коркунучтарга каршы туруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Министр Кулубаев аймактык коопсуздукту жакшыртуу боюнча региондук аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Гуманитардык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү өзүнчө каралды.

Пикир

Оставить комментарий