• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы актуалдуу маселелер талкууланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.04.21. /Кабар/. Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын отурумдарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов Армения Республикасынын Улуттук жыйынынын төрагасы Арарат Мирзоян менен жолугушту.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы достук мамилени өнүктүрүүгө байланышкан актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты.

Төрага Талант Мамытов эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жигердүү өнүкпөй жатканын белгилеп, ЕАЭБ алкагында өз ара соода байланыштардын туруктуу өнүгүшү үчүн мүмкүнчүлүктөр жогору экенине токтолду.

Муну менен катар Кыргызстан туризм тармагына армян компанияларын тартууга кызыкдар экендигин айткан Талант Мамытов: "Биздин өлкөдөгү бардык экономикалык секторлордо инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн эч кандай тоскоолдуктар жок. Өкмөт тарабынан инвесторлор үчүн керектүү шарттар түзүлгөн", - деди.

Жолугушуу соңунда эки өлкөнүн парламент төрагалары өз ара кызыкчылыкка шайкеш келген экономика, маданият өңдүү бир катар тармактарда алакаларды арттыруу зарылчылыгын кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий