• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстан менен Армениянын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 8-майда Кыргызстан менен Армениянын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков жана Зограб Мнацаканян телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар коронавирустук инфекция менен күрөшүүдө эки өлкөдө көрүлүп жаткан чаралар жана инфекциянын терс социалдык-экономикалык кесепеттери боюнча маселелерди талкуулады.

"Министрлер эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерине көңүл бурушту. Жакынкы аралыкта онлайн конференция форматында министрлердин орун басарларынын деңгээлинде тышкы иштер министрликтердин ортосунда саясий консультацияларды өткөрүүнү макулдашты. Эл аралык жана региондук күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча, анын ичинде ЕАЭБ жана ЖККУ багыттары боюнча да пикир алмашуулар болду", - деп билдиришти ТИМдин басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий