• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Австрия эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүүгө кызыкдар

Саясат 0

Бишкек, 25.01.23. /Кабар/. Кыргызстан менен Австрия эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүүгө кызыкдар. Бул Кыргызстандын Австриядагы элчиси Төлөндү Макеев Австриянын Европа жана эл аралык иштер боюнча Федералдык министрлигинин Россия Федерациясы, Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ, Түркия, Борбордук Азия жана Арктика департаментинин башкы директору Г.Зайллер менен жолугушуусунда белгилүү болду.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыктырган маселелердин кеңири спектри боюнча Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү үчүн биргелешип аракеттене тургандыктарын макулдашты.

Саясий диалогду мындан ары өнүктүрүү максатында быйылкы жылы жогорку жана бийик деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу боюнча, ошондой эле парламенттер аралык кызматташуу багытында чаралар көрүлөт.

Тараптар кызматташтыктын экономикалык аспектилерин талкуулап, 2022-жылы өткөн Экономикалык байланыштар боюнча Аралаш Кыргыз-Австриялык комиссиянын 8-жыйынынын жыйынтыктоочу макулдашууларын толугу менен ишке ашыруу жана өз ара пайдалуу соода-экономикалык, инвестициялык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү үчүн конкреттүү кадамдарды жасоого макулдашты.

Ошондой эле жолугушууда Австриянын абройлуу университеттеринде Кыргыз Республикасынын улуттук кадрларын даярдоо максатында "Эл үмүтү" мамлекеттик программасын ишке ашыруунун келечеги каралды.

Элчи көп тараптуу форматтагы практикалык кызматташуунун деңгээлине канааттангандыгын баса белгилеп, Австрияга Кыргызстан тарабынан демилгеленген БУУнун тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча резолюциясын колдоого жана биргелешип демөөрчүлүк кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий