• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу мамилелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 04.10.21. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Австрияга болгон жумушчу сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Штирия шаарынын соода - өнөр жай палатасынын директору К-Х Дерношег жана санариптештирүү, маалыматтык коммуникациялык технологиялар жана инфратүзүмдү жакшыртуу тармагындагы австриялык компаниялардын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн жолугушуулардын жүрүшүндө министр Казакбаев Австриядагы региондорду жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну, ошондой эле өнөр жайды, чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү тажрыйбасы Кыргызстан үчүн маанилүү экендигин маалымдады.

Казакбаев Кыргызстандын региондору Австриянын региондору менен соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык байланыштарды, боордош мамилелерди түзүүгө кызыкдар жана даяр экендигин баса белгиледи.

Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу мамилелерин талкуулашты. Эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташуусунун олуттуу пайдаланылбаган дараметин жана өз ара товар жүгүртүүнү көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Министр Р. Казакбаев экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-австрия өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында ишти улантуунун жана 2022-жылы Бишкек шаарында комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле Штирия регионунун өкүлдөрүн 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Европа Биримдиги – Борбордук Азия биринчи экономикалык форумуна катышууга чакырды.

Мындан тышкары, тышкы саясий ведомствонун башчысы кыргыз тарабы австриялык тарап менен айыл чарба, гидроэнергетика, билим берүү, саламаттык сактоо, туризм, санариптештирүү сыяктуу биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыра ала турган КРнын экономикасы үчүн маанилүү багыттарды белгиледи.

Тараптар ошондой эле австриялык компаниялардын инвестицияларын КРнын экономикасына тартуу, ошондой эле саламаттык сактоо, билим берүү, санариптештирүү сыяктуу чөйрөлөрдө Кыргыз Республикасында долбоорлорду ишке ашыруу үчүн «жумшак» насыяларды (жеңилдетилген насыя) берүү мүмкүнчүлүгүн кароо маселелери боюнча пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий