• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы байланыштардын келечеги талкууланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.04.21. /Кабар/. Күн мурун, 15-апрелде Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблея Кеңешинин жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов менен Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин төрайымы Сахиба Гафарова жолугушту.

Жогорку Кеңештин жолугушууда боордош эки мамлекеттин байланыштарынын келечеги, анын ичинен саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Талант Мамытов менен Сахиба Гафарова соода-экономикалык байланыштарда жылыштар бар экенин белгилешип, бирок эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү мүмкүнчүлүктөргө карабай төмөн экендигин кошумчалашты.

Андан тышкары, боордош эки элдин мамилесин чыңдоого өбөлгө болчу парламенттер аралык өнөктөштүктү да өнүктүрүү зарылчылыгына токтолушту.

Пикир

Оставить комментарий