• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Азербайжандын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстан менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков жана Эльмар Мамедъяров телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Азербайжандын тышкы саясий ведомстволорунун башчылары коронавирустук инфекция менен күрөшүүдө өлкөлөр тарабынан көрүлүп жаткан чараларды талкуулап, эки өлкөнүн медициналык мекемелеринин жана саламаттык сактоо министрликтеринин ортосунда түз байланыштарды жөндөөнүн маанилүүлүгүн белгилешкен.

Тараптар ошондой эле кыргыз-азербайжан мамилелеринин актуалдуу маселелери боюнча, атап айтканда, үстүбүздөгү жылы бир катар эки тараптуу иш-чараларды, анын ичинде Азербайжан Республикасынын президентинин Кыргыз Республикасына расмий сапарын жүзөгө ашыруу боюнча пикир алмашышкан.

Телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча министр Ч.Айдарбеков кесиптешине колдоо көрсөткөндүгү, анын ичинде, жүктөрдүн тоскоолдуксуз өтүүсүн уюштурууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирген.

Пикир

Оставить комментарий